Дэ («жакшылык тартуулоочу», «бакубатчылык») – кытай философиясындагы Даонун негизги категорияларынын бири. Айрым көрүнүштөрдүн же заттардын орун алышынын эң мыкты ыкмасын шарттаган негизги сапат белгисин туюндурган рухий же денелик артыкчылык ички Дэ органикалык жана табигый сапат болуп эсептелинет да, сырткы кара күчкө, кысым ЛИге, жаза СИНге жана мыйзам ФАга каршылык көрсөтүп турат. Конфуцийдин окуусун жолдоочу ойчулдар Дэни милдетти (И) жана этикетти (ЛИ) кармай билүү жөндөмдүүлүгү катары түшүндүрүшкөн. Дэ сөз байлыгын арттырып, ишеничтүүлүктү (ЧЖУН) жана мээримдүүлүктү (СИНЬ) билдирип, «сырты жалтырак, ичи калтыракка (СЭ) каршы турат. Башкаруучунун Дэ менен баш ийүүчүлөрдүн Дэнин ортосундагы гармония (шайкештик) идеалдуу. Мындай шайкештиктин жаралышына инсандын руханий дүйнөсү менен сырткы турпатын жакшыртуусу өбөлгө түзөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8