Дэвид Паккард (англ. David Packard, айтылышы: /ˈpækərd/ PACK-erd; 1912-жылы 7-сентябрь – 1996-жылы 26-март) – инженер-электроник, Уильям Хүлетт менен бирге негиздеген Hewlett-Packard (1939) компаниянын президенти (1947–64), башкы директору (1964-68) жана башкаруунун төрагасы (1964–68, 1972–93) болгон. 1969-1971-жылдар арасы, Никсон бийликте болгон заманда АКШнын коргоо министринин орун басары катары кызмат кылган. 1976-1981-жылдар арасы Паккард Аскер-медициналык университетинин (англ. Uniformed Services University of the Health Sciences) президенти болгон. Ошондой эле Паккард 1973-1982-жылдар арасы Регент кеңешинин төрагасы болгон. 1988-жылы Паккард "Эркиндик" президенттик медалынын сыйээси болуп көптөгөн технологиялык жаңычылдыктары жана соопчулук иштери үчүн урматталган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

Hewlett-Packard компаниясы түзөтүү

1940-жылы Паккард менен Хүлетт Паккардтын гаражында 538 доллардык (2016-жылы менен салыштырмалуу 9263 АКШ доллар) баштапкы капиталы менен Hewlett-Packard (HP) катташкан. Паккард "HP компаниянын түзүлүшү" (англ. The HP Way) китебинде компаниянын аталышы "PH" эмес "HP" болуп аталганы тыйын ыргытуу менен чечилгенин айткан. Алардын эң алгачкы өндүрүмү Walt Disney Studios студиянын Fantasia саундтрекинде колдонулган аудио жыштыктагы генератору болгон. Китепте чыгармачылыкты колдогон, салттуу бизнес иерархияга жана кайдыгерликке жол бербеген компанияны башкаруу философиясы сүрөттөлгөн.Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда HP радио, сонар, радар, деңиз жана авиация түзмөктөрдү чыгарган.

Паккард өзүн эптүү башкаруучу катары көрсөтүп, Хүлетт көптөгөн техникалык жаңычылдыктары менен камсыз кылып HP дүйнө жүзү боюнча электродук өлчөгүч жана ченөө түзмөктөрдү чыгарган ири компаниялардын бири болгон. Ошондой эле бул компания эсептөөч, компүтер жана лазер менен сыя чачуучу принтерлерди чыгарган.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү