Дэниэл Роутон Крэйг (англ. Daniel Wroughton Craig; 1968-жылы 2-март) – англиялык актер. Улуттук жаштар театрында окуган Крэйг 1991-жылы Гилдхолл музыка жана драма мектебин бүтүргөндөн кийин сахналык мансабын баштаган. Актер биринчи жолу "Инсандык күч" (англ. The Power of One, 1992) тасмада тартылган. Ошондой эле актер "Келвин Артур падышанын сарайында" (англ. A Kid in King Arthur's Court, 1995), "Элизабет" (англ. Elizabeth, 1998) өмүр баяндык тасмада, "Шарптын бүркүтү" (англ. Sharpe's Eagle, 1993) жана "Зорро" (англ. Zorro) сыяктуу тарыхый согуш драма жанрындагы телесериалдарда тартылган. Актер 2005-жылы британиялык жашырын агенти Жеймс Бондтун ролун аткарууга чакырылган, ошентип Крэйг, эл аралык аренага 2006-жылдын ноябрында чыккан ""Рояль" казиносу" тасмада тартылган.

Крэйг "Сүйүү – бул шайтандын иши: Франсис Бэкондун сүрөтүнө бир сүртүм" (англ. Love Is the Devil: Study for a Portrait of Francis Bacon, 1998) аталышындагы британиялык телевизиондук тасмада жана "Окоп" (англ. The Trench, 1999), "Үндөр" (англ. Some Voices, 2000) тасмаларда роль аткарып өзүнө киноиндустриянын көңүлүн бурган. Ушундан кийин Крэйг "Лара Крофт: Күмбөз чапкынчысы" (англ. Lara Croft: Tomb Raider, 2001), "Азап жолу" (англ. Road to Perdition, 2002), "Каттама торт" (англ. Layer Cake, 2004) жана "Мюнхен" (англ. Munich, 2005) сыяктуу ири тасмаларда тартыла баштаган. 2005-жылы Крэйг Ян Флеммингтин "Жеймс Бонд" (англ. James Bond) тасмасынын башкы актердун ролун аткарган алтынчы актер (Пирс Броснандан кийин) болгон соң эл аралык атактуулукка жеткен. Башынан актердун Жеймс Бондтун ролуна туура келбегенди боюнча сөздөр болгон, ага карабастан, Крэйг аткарган ролу үчүн BAFTA сыйлыктын номинациясына талапкерлиги коюлган жана ""Рояль" казиносу" ошол замандагы эң көп кассалык чогултууларды жыйнаган тасма болгон. Эки жыл соң актер "Ырайымдуулук кванты" (англ. Quantum of Solace) тасмада тартылган.

Крэйг Жеймс Бондтун тасма серияларында тартылган "Скайфолл" (англ. Skyfall) үчүнчү тасмасынын бетачары 2012-жылы өткөн, ошентип бул тасма Улуу Британияда (2015-жылга чейин) жана Жеймс Бонд жөнүндөгү тасмалардын арасында эң көп кассалык чогултууларды жыйнаган тасма болгон, ал эми баардык замандардагы эң көп кассалык чогултууларды жыйнаган тасмалардын арасында он бешинчи орунду ээлеген. Крэйг Жеймс Бондтун тасма серияларында тартылган "Спектр" (англ. Spectre) аталышындагы төртүнчү тасмасынын бетачары 2015-жылы өткөн. 2006-жылы актер Academy of Motion Picture Arts and Sciences уюмдун мүчөсү болгон. Бондтун ролун аткарып баштаган соң актер башка тасмаларда да тартылган, алардын ичинде: Экинчи дүйнөлүк согушу жөнүндөгү "Чакырык" (англ. Defiance, 2008) тасмасы, илимий фантастика жанрындагы "Ковбойлор менен келгиндер" (англ. Cowboys & Aliens, 2010) вестерн-тасмасы жана Стиг Ларссондун англис тилине адаптацияланган мистика жанрындагы "Денесинде ажыдаар татуировкалуу кыз" (англ. The Girl with the Dragon Tattoo, 2011). Ошондой эле актер, 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Бонд катары Елизавета II менен бирге келген коноктордун астында пайда болгон. 2017-жылдын 20-февралына карата Крэйг Рожер Мурдан калып, Жеймс Бондтун ролун аткардыгынын созулгандыгына карай экинчи актер болгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү