Дэниел Жерард "Дэн" Браун (англ. Daniel Gerhard "Dan" Brown; 1964-жылы 22-июнда туулган) - фантастикалуу триллер чыгармаларынын автору жана 2003-жылы эң көп сатылган "Да Винчинин коду" (англ. The Da Vinci Code) аттуу романдын жазуучусу. Браундун романдары 24 саат боюнча казынаны издөө сыяктуу. Алар криптография, символдор, коддор жана ачык теориялар сыяктуу темаларды камтыйт. Анын китептери 52 тилге которулган жана 2012-жылы 200 миллиондон ашуун китеп көчүрмөсү сатылган. Алардын үчөөсү, "Периштелер жана шайтандар" (англ. Angels & Demons , 2000), "Да Винчинин коду" "Инверно" (англ. Inferno (2013) тасмага адаптацияланган.

Дэн Браун.

Браундун Роберт Лэнгдондун жашоосүн баяндаган романдары, ошондой эле тарыхый окуялар менен христианчылыкты башкы мотив катары көрсөтүп, карама-каршылык жараткан. Ал эми Браун өз веб баракчасында христианчылыкка каршы эместигин белгилеп, өзүнүн ар дайым руханий изденүүдө жүргөндүгүн жазган. Ал эми "Да Винчинин коду" бул "руханий талкуулоо жана талашты тараткан көңүл ачуучу окуя" деген. Ошондой эле бул китеп "өз ишеничибизди анализдөө жана таануу катары жакшы ыкмада колдонула алат" деп билдирген.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү