Дюйм
Дюйм - (голл. duim, сөзмө-сөз баш бармак) 1) англиялык чен системасындагы узундуктун үлүштүк бирдиги. 1 Д.=1/12 фут =0,0254 м. 2) Орустарда метр кабыл алынганга чейин колдонулган узундук бирдиги. 1 Д. =1/12 фут =10 сызык = 2,54 см.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5