Дюфур эффектиси
Дюфур эффектиси - температурасы бирдей болгон бир-бири менен химиялык реакцияга катышпаган 2 газды диффузиялык жол менен аралаштырганда температураларынын бирдей эмес болуу процесси; термодиффузияга тескери кубулуш. Дюфур эффектисинде газдарда температуранын айырмасы бир нече К (мисалы, суутек менен азотту аралаштырганда), ал эми суюктуктарда ~10-3К. Температура айырмасынын сакталышы концентрациялык градиентине көз каранды. 1873-жылы швейцариялык физик Л. Дюфур ачкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5