Дүйнөлүк соода борбору (станция жолдору)

Дүйнөлүк соода борбору (англ. World Trade Center) - Нью-Йорктогу дүйнөдөгү эң кымбат "Oculus" аталышындагы метро станциясы . Ал дүйнөлүк соода борборунда жайгашкан. Таасирдүү конструкциясы америкалыктардын сынына кабылып, алар өкмөттү ашыкча чыгым сарптоодо деп айтып чыгышты. Станциянын чатыры учуп бара жаткан ак кушту элестетет. Долбоордун автору - испаниялык сүрөтчү-футурист Сантьяго Калатрава. Метро станциясынын курулуш иштерине жалпысынан 4 миллиард долларга жакын акча каражаты жумшалган. Пландалгандан 2 эсе көп чыгым кетип, 5 жылда бүтүрүлчү долбоор 12 жылга созулган. "Forbes" басылмасы боюунча, курулушка рекорддук суммадагы акча каражаты кеткен. "Oculus" транспорттук түйүнү 11 метрополитен жолун шаардын айланасындагы темир жол каттамдары менен байланыштырат. Суткасына бул станция аркылуу 250 миң жүргүнчү өтүп турат.

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү