Дүйнөлүк университеттердин академиялык рейтинги
Дүйнөлүк университеттердин академиялык рейтинги (англ. Academic Ranking of World Universities) – Шанхай рейтинги (англ. Shanghai Ranking) катары да таанымал болгон Шанхай рейтингтер консалтингинин университеттер рейтингинин жылдык жарыялоосу. Башында ар түрдүү көрсөткүчтөрдү камтыган биринчи дүйнөлүк тизмек Цзяо Тун Шанхай университети тарабынан 2003-жылы түзүлүп чыгарылган, кийин, ага сунуштарды камсыз кылуучу эл аралык консультациялык кеңеши түзүлгөн. Учурда бул рейтинг Ири Кытай рейтинги (англ. Greater China Ranking) менен Македониянын жогорку окуу жайларынын рейтинги (англ. Macedonian HEIs Ranking) көз карандысыз аймактык рейтингтери сыяктуу институттардын дүйнөлүк тизмегин жана жалпы менен айрым дисциплиналарды тандап көрсөткөн тизмектерди камтыйт. Дүйнөлүк университеттердин академиялык рейтинги QS жана Times рейтингтери менен тең университеттерди баалочу эң таасирдүү жана популярдуу рейтингтердин бири болуп саналат.
Рейтингтин объективдүү методологиясы жогору бааланат, бирок иштелбеген изилдөө күчүнө ашыкча маани берип, гуманитардык илимдерди жана билим берүү сапатын көмүскөдө калтырганы менен сынга алынат.
Методологиясы
түзөтүүКритерийи | Көрсөткүчү | Коду | Өлчөмү | Булагы |
---|---|---|---|---|
Билим берүүнүн сапаты |
|
|
|
|
Факультеттин сапаты |
|
|
|
|
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы |
|
|
|
Шилтемеленген индекси |
Киши башына аткаруулары |
|
|
|
|
Шилтемелер
түзөтүү- ↑ N&S баалары башка индекстерге өткөн, гуманитардык илимдер жана социологияда адистештирилген институттарга жеткиликтүү эмес.
Цитатанын катасы: <ref>
tags exist for a group named "*", but no corresponding <references group="*"/>
tag was found