Дүйнөнүн илимий сыпатыжаратылыштын жалпы касиеттери жана илимий ченемдери туурасында табият таануунун негизги илимий түшүнүктөрүн жана принциптерин жалпылоонун жана синтездөөнүн натыйжасында келип чыккан туташ бүтүн система.

Дүйнөнүн илимий сыпатынын дүйнө тааным жана методологиялык базасы материалисттик диалектика болуп саналат. Дүйнөнүн жалпы илимий сыпаты менен изилдөө предмети боюнча жакын болгон айрым илимдердин (физикалык, астрономиялык, биологиялык ж.б.) дүйнө сыпаты айырмаланышат. Алгачкы дүйнө сыпаты антика философиясынын алкагында түзүлгөн жана натурфилософиялык мүнөздө болгон. 16–17-к. илимий табият таануу пайда болгон доордон баштап, Дүйнөнүн илимий сыпаты калыптана баштайт. Таанымдын көч башындагы (лидерчилик кылган) илим областы Дүйнөнүн илимий сыпатынын жалпы системасында аныктоочу элемент болуп калат. 20-кылымдын илимий табият таануусунда дүйнөнүн физикалык сыпаты мына ошондой орунда турса. 21-кылымда Дүйнөнүн илимий сыпатынын бет ачаары маалыматтык сыпат ээлөөдө.

Дүйнөнүн илимий сыпаты структурасынан башкы эки: концептуалдык (түшүндүрмө) жана сезип-туюлган образдуу негизги компонентти бөлүп көрсөтүүгө болот. Концептуалдык компонент философиялык категориялар (материя, кыймыл, мейкиндик ж.б.) жана принциптер (дүйнөнүн материалдуу биримдиги, бүткүл жалпы кубулуштардын өз ара байланыштуулугу жана шартташуусу) менен жалпы илимий түшүнүктөр жана мыйзамдар (Мисалы: энергиянын сакталуу жана айлануу закону), ошондой эле айрым илимдердин фундаменталдуу түшүнүктөрү (талаа, заттык, энергия, Аалам, биологиялык түр, ж.б.) менен берилет. Дүйнөнүн илимий сыпатынын сезип-туюлган образдуу негизги компоненттери – жаратылыш ж-дө көрсөтмөлүү түшүнүктөрдүн жыйындысы (мисалы: атомдун планетардык модели, кеңейүүчү сфера түрдө метагаллактиканын түспөлү сыяктанса, айлануучу чимирикке электрондун спини жөнүндө түшүнүк окшош).

Дүйнөнүн илимий сыпаты башка илимге чейинки жана илимий (Мисалы: динчил) сыпаттан айырмасы мында, ал белгилүү бир фундаменталдык илимий теорияга (же теорияларга) негизделет. Мисалы: 17–19-кылымдардагы Дүйнөнүн физикалык сыпаты классикалык механиканын базасында түзүлгөн. Азыркы учурдагы Дүйнөнүн илимий сыпаты квант механикасынын, о. эле салыштырмалуулуктун атайын жана жалпы теориясына негизделип түзүлгөн. Экинчи жагынан алганда фундаменталдык илимий теория Дүйнөнүн илимий сыпаты өзүнүн интерпретациясы үчүн каражат табат. Дүйнөнүн илимий сыпаты жалпы илимий фон үчүн, анын анализи үчүн шарт түзөт.

Дүйнөнүн илимий сыпаты. системалашкан илимий билимдердин формасы иретинде илимий теориядан айырмаланат. Эгер Дүйнөнүн илимий сыпаты билим алуу процессинен четтеп объектини чагылдырса, илимий теория объекти жөнүндө билимдерди системалаштыруунун логикалык каражатын, о. эле алардын акыйкатын тактап айтканда (эксперименталдуу) өз ичине камтыйт. Дүйнөнүн илимий сыпаты фундаменталдык илимий термин түзүү процессинде эвристикалык роль аткарат. Дүйнөнүн илимий сыпаты көз караштын анын калыптануусунун таасирдүү жолу болуу менен бирге аны менен тыгыз байланышкан. Ал көз караш менен илимий теориянын ортосундагы байланыштыруучу арадагы тизмек болуп саналат. Дүйнөнүн илимий сыпаты туруктуу өнүгүүдө болот, анда илимий революциянын жүрүшүндө сапаттык өзгөрүүлөр (Дүйнө эски сыпаты жаңысы менен алмашат) болуп өтөт.

Булактар түзөтүү

  • Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8