Дүйнө философияда – кең маанисинде, бардык нерсени(табият, коом, адам) бүтүн, туташ камтыган түшүнүк. “Болмуш,”(“бытие”) түшүнүктөрү менен мазмундаш. Дуйнөнүн жаралышы, өзгөрүп-өнүгүшү, түзүлүшү жөнүндө кыргыздар илгертен көп кырлуу көз караш күтүп, аны мифологиясында, элдик оозеки чыгармаларында, аңыз-уламыштарында туюнтуп келишкен. Илимдин таралышы менен дүйнө жөнүндөгү ой-түшүнүк башка негизде, башка деңгээлде түзүлгөн. Дүйнө тар маанисинде – табияты, теги бир кубулуштардын курамы, мисалы, балдар дүйнөсү, искусство дүйнөсү, спорт дүйнөсү жана башка.