Үкүев Дүйшөнбек -обончу, ырчы жана аткаруучу Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында 1947-жылы 20-июнда туулган. 1967-жылдан ушул кезге чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ырчы болуп иштеп келет.

Үкүев Дүйшөнбек

1990-жылы Ж.Шералиевдин 75 жылдыгына арналган фестивалда «Көз алдымда элесиң» аттуу ырын ырдап баш байгеге, 1998-жылы Республикалык обончулардын кароо-сынагында А.Осмоновдун сөзүнө жазылган «Отуз жаш» аттуу обону менен биринчи байгеге татыган. А.Огомбаевдин 100 жылдыгына арналган телефестивалда диплом жана баалуу белектерди алып, 2002-жылы Муса Баетовдун 100 жылдыгына арналган Эл аралык телефестивалда «Сагынам» аттуу ыры менен лауреат болгон.

2000-жылы Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министрлигинин Ардак грамотасына татыган. Ал 50дөн ашык обондун автору, алардын көпчүлүгү Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.

Аткарылып жүргөн чыгармалары түзөтүү

  • «Аёо» с. Ж.Сыдыковдуку
  • «Алыскы сапар» с. элдики
  • «Аныкпы» с. Т.Байзаковдуку
  • «Баарынан эне кымбат» с. Абдылашым Смайл уулунуку
  • «Балдызым» с. Д.Үкүевдики
  • «Балким кетер күндөр өзгөрүп» с. элдики
  • «Баратам сага таңды алып» с. И.Исаковдуку
  • «Бир элес» с. К.Алмазбековдуку
  • «Гүлүм элең» с. Т.Арыковдуку
  • «Дүйнө кооз, дүйнө таттуу сени менен» с. К.Артыковдуку
  • «Жашасын Кыргызстан эркин элим» с. К.Дербишалиеваныкы
  • «Жеңиш айылым» с. Д.Үкүевдики
  • «Заман шерти» с. элдики
  • «Өзүңө» с. А.Мырзакуловдуку
  • «Кашың каксаң кара көзүм маңдайдан» с. К.Чекировдуку
  • «Келин келгенде» с. Ж.Өзүбекованыкы
  • «Келсеңчи учкан куш болуп» с. С.Жусуевдики
  • «Керемет кез өтүп кеткен турбайбы» с. А.Мырзакуловдуку
  • «Кеттиң сен» с. С.Ниязбекованыкы
  • «Кош эми» с. К.Чекировдуку
  • «Курбулар» с. О.Султановдуку
  • «Өкүнүү» с. Ж.Өзүбекованыкы
  • «Күтүү» с. элдики
  • «Кызгалдак» с. Г.Момунованыкы
  • «Кыргызымдын кыздары» с. С.Калыгуловдуку
  • «Мезгил элеси» с. С.Ниязбекованыкы
  • «Мен да жалгыз, сен да жалгыз» с. Р.Деркембаеваныкы
  • «Мен да сени сагынам» с. элдики
  • «Мен сен үчүн жаралгам» с. Т.Апасовдуку
  • «Мөлтүр булагым» с. элдики
  • «Нурсултаным» с. Д.Үкүевдики
  • «Ойлоп көрчү» с. элдики
  • «Отуз жаш» с. А.Осмоновдуку
  • «Сага» с. элдики
  • «Сагынганда» с. Ө.Кулумбаевдики
  • «Сак болгун» с. Кет Буканыкы
  • «Саралаташ» с. Такырбаштыкы
  • «Сен сулуу» с. Э.Сыдыковдуку
  • «Сүйдүм сени» с. А.Осмоновдуку
  • «Сүйүү» с. Т.Эргешовдуку
  • «Сулууну көрүп сыртынан» с. У.Мамбеталиевдики
  • «Таңдайыма татып турган бал болчу» с. К.Мамбетакуновдуку
  • «Үмүтүм сенде» с. Ж.Аралбаеваныкы
  • «Үмүтүм үзбөйм» с. Э.Турсуновдуку
  • «Уулума кат» с. К.Мамбетакуновдуку
  • «Энекем» с. Ө.Кулумбаевдики
  • «Түгөйлөш жүрөк» – күү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү