Дүлөй чалкан (лат. Leonurus, L. 1753) – (Zamium) өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Бир жылдыктарынын тамыры ичке. Сабагы тамырынан чачырап өсөт, сейрек түк менен капталган. Көп жылдыктарынын тамыр сабагы сойлоп өсөт. Жалбырагы тегерек, жүрөк сымал же бөйрөк сымал, чети терең кесилген. Түктүү, төмөнкүлөрү узун саптуу, жогоркулары сабаксыз. Гүлдөрү сабакты айлана топтошуп жайгашкан, кызгылт жана ак түстө. Мөмөсү жумуртка сымал, үч кырдуу, жиктүү, жаңгакча. Чөйчөкчөсү беш бөлүктүү, учу тикендүү. Кээси бакчаларда, айрымдары бадалдардын, токойлордун арасында, капчыгайларда, таштын коңулдарында өсөт. Орто Азияда, Алтайда, Жуңгар Ала-Тоосунда таралган, КМШ өлкөлөрүндө 15тей түрү, Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Чалкандын желекчелери түтүкчөдөй эки эриндүү, күлгүн же көгүш кызыл. Мөмөсү 4 уялуу кутуча. Дүлөй чалкандын (Туркестан Дүлөй чалканы) дарылык мааниси өтө чоң болгондуктан медицинада жүрөк-нерв ооруларына , кан тамыр басымын төмөндөтүү, бөйрөктү тазартуу үчүн кеңири колдонулат. Анын чөбүнүн кайнатмасынын жүрөк-нерв ооруларына таасири мышык тамырдан) 3-4 эсе жогору турат. Курамында алколоиддер, 5-9 % ашаткыч заттар жана 0,03 % эфир майы бар. Дарылыкка дүлөй чалканды тамырына тийбей, гүлдөп турган кезинде жашыл массасын жыйнап көлөкөдө кургатат. Кургаган чөбү 2 жылга чейин гана таасирдүү.

Leonurus cardiaca.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5