Дүпкүр–камбар-ата капчыгайы

Дүпкүр–камбар-ата капчыгайы Ички Теңир-Тоодо. Түштүгүнөн Орто-Тоо (бийиктиги 2020 м), Көгирим-Тоо (3323 м), чыгышынан Молдо-Тоо, түндүгүнөн Сары-Камыш, Куча, Санташ, Суук-Дөбө (3453 м) тоолору, ошондой эле тектоникалык жарака менен чектешет. Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун аймагында. Узундугу 110 км, туурасы 1–2 кмден 5 кмге чейин; таманынын деңиз деңээлинен бийиктиги баш жагында 1200 м, этегинде 900 м. Капчыгай түштүктөн Түндүк-батышты карай созулуп, геоморфологиялык жактан экиге бөлүнөт: баш жагы меридиан багытындагы антецеденттик өрөөн; экинчи бөлүгү Көкөмерендин чатынан Камбар-Атанын чатына чейин кеңдик багытта созулат; мында Нарын дарыясы терең синклинорийдин таманы менен өтүп, батышты карай кескин бурулат да, нугу кууштап ийри-буйру агат. Дарыя түпкү тоотектерди кесип өткөн жерлерин каньон, капчыгай, шаңшаарлар, аскалуу тик жээктер, жайык бөлүктөрүн тектирлер ээлейт. Капчыгай да негизинен гранит, кумдук, конгломерат, мергель, сланец, акиташ теги, алевролит, андезиттүү порфирит жана башка тоотектер жатат. Капчыгайдын аймагында Нарын дарыясына Көкөмерен, Тоолук (оң куймалары), Жоон-Терек, Турук, Кайыңды, Камбар-Ата (сол) суулары куят. Жарым-Чөл (1250 м бийиктикке чейин) кургак талаа жана бадал (1200–1500 м), айрым жерлеринде бадал өсүмдүктөрү, сейрек токой (арча-карагай) аралаш шалбаалуу талаа (1500–2300 м) ландшафты басымдуу. Капчыгай гидротехникалык курулмаларга өтө ыңгайлуу; төмөнкү бөлүгүндө Камбар-Ата ГЭСи курулууда (2008).

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1