Дүрбү, турнабай – алыскы нерселерди жакын кылып көрсөтүүчү оптикалык курал.

1-Объектик
2-3-Призма
4-Окуляр

Мында линзалар системасынын жардамы менен көрүү бурчу чоңоёт. Галилей дүрбүсү менен призмалуу дүрбүгө бөлүнөт.

Галилей дүрбүсүнүн объективинин фокус аралыгы оң, окулярдыкы – терс мааниде болуп, нерселердин туура сүрөттөлүшүн берет.

Призмалуу дүрбүнүн ар бир түтүгү объективден, призмадан жана окулярдан түрат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов