Дөгөн — каарман, [[ Алтай |Алтайда]] кыргыздар менен канатташ жашаган манжулук калмактардын эл бийлеген карысы. Кортукту Манас өлтүргөндө кунуна Жакыптын жылкысын бүт тийип алмак болгон Домабил баштаган алтайлык калмактарга тоскоол кылам деп таяк жейт. Алтайлыктар ал жердеги манжуларга да кордук көрсөтөт. Жылкысын ажыратып алмак болуп кол курап жаткан кыргыздардан манжулар жардам сурайт. Манастын башчылыгы менен кыргыздар, манжурлар Домабилди, бир топ алтайлыкты өлтүрөт, калганы качып кетет. Ушундан баштап кыргыздар Алтайдан көчүп кеткенге чейин Д. карыянын аты жыйындарда эл билермандары саналган жерде дайыма айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 157 — 169, 229, 280; 2. 68, 93).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4