Дөрө ашуусу - Күнгөй Ала-Тоонун батышында. Дөрө суусунун башында. Бийиктиги 3734 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 200-300 м. Ысык-Көлдүн деңгээлинен салыштырмалуу 2114 м жогору жатат. Ашуу неогенге чейинки түздүктүн тектоникалык жарака боюнча ийилген жеринде пайда болгон. Каледондун гранит, гнейс, сланец, мрамор, гранит-диорит тектеринен түзүлгөн. Түндүк Дөрөнүн төрүндө 3640 м бийикте мөңгү (аянты 2,4 км2) жатат. Андан башталган Дөрө суусу Чоң Кеминге куят. Ашуунун түндүк бети тик, аскалуу, түштүгү аскалуу, корум таштуу, мореналуу. Ашуу аркылуу Ысык-Көл районунан Көк-Ойрок жайлоосуна мал ашырылат. Бпшкек, Алматы шаарынан келүүчү туристтердин туруктуу жолуна айланды. Октябрь май айларында ашууну кар басып, жабылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү