Дөң-Булак (шаар калдыгы) - антикалык доорго (б. з. ч. 2-к-га) таандык шаар калдыгы Өзгөн районундагы Жазы суусунун сол жээгинде, Өзгөн шаарынан 5 км чыгыш тарапта, Дөң-Булак кыштагынын жанында жайгашкан. Шаар Улуу Жибек жолунун угуна чеп катары курулган. Аянты 900x970 м. Түндүк бөлүгүндө аянты 90х50 м. сепили бар, анын үч тарабы терең аң менен куурчалган, түштүк жагынан гана кирүүгө болот. Археологиялык казууларда калыңдыгы 10мдей маданий катмар ачылган. Ал жерден ар кайсы доорлорго таандык карапа идиштердин сыныктары, сөөктөн, таштан жасалган буюмдар табылган. Карапа идиштердин жасалыш технологиясында Шоро-Башат Мархамат маданияттарына, Касан, Кожогарын, Белес-Мазар сыяктуу соңкуорто кылымдын эстеликтери менен окшоштугу бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү