Дөөлөс баатыр, Дөөлөс Бакты Кылжыр уулу (16-кылым) - кыргыздардын калмактарга каршы күрөшүндо кол баштаган баатыр.
Тагай бийдин небереси. Дөөлөс баатырдын эрдиктери Осмонаалы Сыдык уулунун, Белек Солтоноевдин, санжырачылар Э. Төрөкан уулунун жана А. Алымкул уулунун эмгектеринде айтылат. Ал кыргыздарга коркунуч туудурган калмактарга далай ирет жортуул уюштуруп, алардын айылдарына бүлгүн салып турган. Калмактар аны айлаамал менен колго түшүрүп, орго салган. Санжырада калмактын хонтайжысынын Көкмончок аттуу кызы ордо жаткан Дөөлөс баатырды туткундан бошоттуруп, ага турмушка чыккан. Дөөлөс баатырдын Токо, Жантай, Элчибек жана Манап деген уулдарынан тарагандар кыргыздын сарыбагыш уруусунун негизин түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Айрым интернет шилтемелер түзөтүү