Дөөлөт уулу Абдылда болжол менен 1899-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алга айылында туулган. Анын ысмы көпчүлүккө белгисиз болгону менен, өз учурундагы атактуу манасчылардын бири болгон. Манасчылардын түштүк мектебинин өкүлдөрүнүн бири. Аян түш көрүү негиз болуп, андан ары манасчылыкты жездеси Казыбай устадан өздөштүргөн. Өзү кырк уруу кыргыздын сол канатына кирген басыз уруусунан. Абдылданын «Манасы» жалпы окуянын нугунан чыкпаганы менен, өзүнчө өзгөчөлүккө ээ окуялар да кездешет. Анан калса, анын айтуусундагы түштүк диалектисинин тили эпоско өзүнчө көркөмдүк тартуулайт. Мисалы, Көкөтөйдү «Гөкөтөй», Аккуланы «гулат» (кула ат), кулду «гул» жана башка. Анын салыштыруулары да өзүнчө көркөмдүккө ээ. Мисалы, Аккуланын сүрөттөлүшү: «Карчытында шам күйөт,
Каражал гулат кимдики?
Томугунда шам күйөт,
Тоодой гулат кимдики?
Бул гулаттан,
Кандай пенде гутулат?
Кокустан чуркап бергенде,
Карылуу тайган ит жетпейт,
Канаттуудан,
Кара ылаачын куш жетпейт».

Дөөлөт уулу Абдылдадан «Манастын»; «Манас жана анын Кырк чоросу менен Алмамбеттин таанышуусу», «Манастын Каныкейге үйлөнүшү», «Көкөтөйдүн ашы» сындуу айрым эпизоддор 1966-1970-жылдар аралыгында жазылып алынган. Манасчынын өлгөн жылы белгисиз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз элинин манасчылары:Маалымдама китеп. – 1-чыг., Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: Кыргызпатент, 2010 – 96 б.