Дөө-Пери жомогуСагымбай Орозбаковдун вариантында өзүнчө өнүктүрүлгөн жалгыз көздүү дөө жөнүндөгү окуя. Окуя негизинен элдик оозеки чыгармачылыкта кеңири кездешүүчү укмуштуу-кереметтүү жомоктордун мотивинде айтылып эпоско киргизилген. Эпосто бул окуя башталганга чейин Кошой менен Манас Дагалак шаарында кездешет, экөө биригип, тынчтык бербеген кытайдын он бир дуу-дуусун жазалоону көздөп, алардын мыктысы Дүбүрө канга аттанып жолго чыгышат. Жол жүрүп, чаалыккан колго тыныгууга жана азык-түлүк камдоого уруксат берилет. Кол тыныгууга калганда мергендер аң уулашат. Аңга чыккан алты жүз киши он эки топко бөлүнүшөт. Күлдүрдүн уулу Чалыбай, күлкүлүү чечен Абдылда (Ажыбай), Куртка чалдын Мажиги, Кутубий башчы болгон бир бөлүк кийиктин этинен шишкебек жасап жеп олтурушканда Даңгулу тоосунун башында кароолдоп олтурган 16 кулач бою бар Кулачабдар ат минген, бүтүн карагайды камчы кылып, өзүнүн бою 7 кулач, маңдайында жалгыз көзү бар, эки кулагы эки кулач келип эки ийнинде салпайган, оозунан бир ыштыктын түтүнү чыккан, Индустандын ары жагынан келип туруп калган, миң жыл жашаган ажынадан жалгашкан, мажуждун тукуму Адамдүк деген дөө кечке маал төрт жүз киши айдап үңкүрүнө келип калат. Үңкүрдүн оозун бекиткен алты миң батман ташты алып ачканда ичинен доңузга окшош башы бар, эмчеги эки өгүздөй, тамандары туурулган, маймылдын этиндей сыртында сары түгү бар катыны чыгат. Ал чыгып келип он бир кишини бир кучактап көтөрүп, шишке сайып отко кактай баштайт. Артынан мергендер абайлап карап келишет да, ичинде көгөндөлүп жаткан кишилерди, дүр-дүнүйө мүлктү көрүшөт. Кутубий Адамдүк дөөнү көзгө атып жыгат. Аты атканга болбой тоо тарапка качып кутулат. Адамдүктү көптөп жатып өлтүрүшүп көгөндөгү элди бошотот. Кармалган кишилердин алды жети жыл, акыры эки жыл болгон экен. Муну ошолордун ичинен бирөөсү толуктап айтып берет. Кишилер бошонуп, дүр-дүнүйө мүлктү бөлүп кетишет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана айтылган мына ушул Д.-п. ж-ндагы жалгыз көздүү Адамдүк дөө жөнүндөгү эпикалык окуяны сыйкырдуу жөө жомоктун сюжетинин кайрадан иштелген формасы катарында эсептөөгө болот. Мындай жөө жомоктук сюжеттин фактысын казактардын "Жалгыз көздүү дөө" ("Одноглазый великан") деген жөө жомогунун мазмунунан көрүүгө болот. Башкы каарман Жаке баатыр бир күнү чоң үңкүрдү көрөт да, атын байлап коюп өзү кирет. Эшигин ачып жиберсе жалгыз көздүү бир зор адам олтурат. Бир жагында эки киши жатат. Бирөөнү шишке сайып таштаптыр. Жалгыз көздүү дөө Жакени көрүп "кудай берди, бери кел" деп чакырып алып, шишке сайылган кишини "бышыр" деп буйрук берет. Жалгыз көз эшикти бекитип коюп уктап калат. Жаке шиштеги кишини чыгарып салып, шишти кызарганча отко ысытып алып уктап жаткан дөөнү жалгыз көзгө сайып качат. Дөө айкырып үңкүрдүн ичинде ары-бери жүгүрөт. Жаке качып чыгайын десе, эшик чоң таш менен бекитилүү экен. Үңкүрдөгү койлорго барып, бир серкени союп терисин жамынып алып, койдун арасында жүрө берет. Дөө үңкүрдүн эшигин ачып койлорду бирден өткөргөндө Жаке "серке" болуп өтүп кетет. Дөө Жакеге айтат: "Сен мени өлтүрмөк элең, өлтүрдүң, эми мени ушул абалда таштабай биротоло өлтүрүп казынамды, малымды бүтүн алгын", — дейт. Дөөнүн өзүнүн кылычы менен анын башын кесет. Жаке баатыр жалгыз көздүү дөөнүн малын айдап, башын кесип алып айлына барат. Кайра эл менен үңкүргө келишип, дөөнүн алтын — күмүш дүйнөсүн элүү төөгө жүктөп алып кетишет. Ушул типтеги жөө жомоктук сюжет кыргыздын "Жайыл мерген" деген жөө жомогунда да айтылат. Бул жомоктун кыскача мазмуну мындай: Жайыл мерген жолдошу Эмил менен аң уулап чыгат. Бир аркар атып алышып, кечкурун бир үңкүргө киришип таш кордо бышырып жатышса, жалгыз көздүү кемпир чыга калып Жайылды ары көздөй ыргытып жиберет. Эмил качып кетет. Жайыл эсине келип эки жагын караса, жыйырма киши көгөндө байлануу жатат. Үңкүрдө беш жүз чамасында кой да бар экен. Жалгыз көздүү кемпир үңкүрдүн ортосундагы чоң кемегеге бакандай темир көсөнү кызарганча ысытып алып, күнүнө бир туткунду шишкебек кылып жечү экен. Кемпир уктаган кезде маңдайындагы жалгыз көзү жаркырап, үңкүрдүн ичин жарык кылып турчу экен. Ал ойгоо турган кезде үңкүрдүн караңгы болуп турарын туткундар билип алышат. Бир күнү кемпир уктап жатканда Жайыл баягы ысык темир менен жалгыз көзгө саят. Туткундарды көгөндөн бошотуп, жашынтып коёт. Желмогуз кемпир көгөнгө барып эч кимди таппайт. "Баары бир силер үңкүрдөн чыгып кете албайсыңар" деп, кемпир үңкүрдүн оозуна барып отурат. Таң эртең менен койлорду бирден чубатып, жонунан сыйпап текшерип туруп сыртка чыгарып жиберип, үйдөй кара таш менен үңкүрдүн оозун бекитип коёт. Жайыл дагы башка амал ойлоп, койду баштап чыккан ак эркечти союп, анын кебин кийип алат да, эртең менен сыртка чыгып мылтыгын алып келет. Койлорду үңкүрдөн чыгарып турган учурда жалгыз көздүү кемпирдин мээсин чыгара атып, туткундарды бошотуп, өзү желмогуздун койлорун айдап алып үйүнө келет (Казахский фольклор в собрании Г. Н. Потанина, Архивные материалы и публикации — АлмаАта, 1972, 154 — 156-б.).

Демек, Манастын биринчи казатындагы жалгыз көздүү дөө жөнүндөгү эпикалык окуяга кыргыз, казак элдеринин арасында кеңири белгилүү болгон жөө жомоктун сюжетин, анын негизги мотивдерин манасчы Сагымбай Орозбак уулу эпостун баатырдык стилине ылайыкташтырып, окуяга белгилүү эпикалык каармандарды (Кутубий, Ажыбай жана башкалар) катыштыруу менен өзүнчө иштеп чыккандыгын белгилөөгө болот. Ошону менен бирге Сагымбай өзүнүн поэтикалык чыгармачылыгынын күчтүүлүгүнө байланыштуу бул жөө жомоктук сюжетке баатырдык мүнөз берүү менен эпостун жалпы композициясына жана стилистикалык өзгөчөлүгүнө ылайыкташтырып аны ыр формасына айландырган. Албетте бул Д.-п. ж-нун негизи байыртадан бери карай өзүнчө айтылып келаткан салттык жөө жомоктук сюжет болсо да "Манас" эпосуна кийин гана кайрадан иштелип киргизилген эпизод катарында эсептөөгө болот.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4