Д’Аламбер принциби
Д’Аламбер принциби – материалдык системанын чекиттерине аракет эткен активдүү күчтөр, «кыймылдатуучу күчтөргө, б. а. системанын чекиттерин ылдамданууга келтирүүчү күчтөргө жана байланыштардын каршы аракет этүүсү (реакциялары) менен теңсалмактандырылган «жоготулган» күчтөргө ажыратууга мүмкүндүк берүүчү, динамиканын негизги принциптеринин бири.
Д’Аламбер принциби байланышкан нерселер системасынын динамикасынын (машиналардын, механизмдердин) маселелерин чыгарууда кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0