Дeплекс-процесс металлургияда

Дeплекс-процесс металлургияда – удаалаш эки агрегатта болот эритүү процесси. Дeплекс-процесс биринчи жолу 19-кылымдын экинчи жарымында колдонула баштап, ар кандай агрегаттардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзгөн. Мисалы, дeплекс-процесс электр мешинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат (башкача айтканда сапаттуу болот өндүрүүнү көбөйтөт), ошондой эле электр кубатынын жумшалышын салыштырмалуу азайтат. Бул электр мешинен эриген шихтаны алып чыгуу жана металлдын бир бөлүгүн чакмактоо аркылуу жетишилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1