Светланов Евгений Фёдорович (1928-ж. т., Москва) - орус дирижёру, композитор жана пианист, СССР эл артисти (1968), Кыргыз ССР эл артисти (1974, кыргыз музыкасын активдүү пропагандалаганы үчүн).

1951-ж. Гнесиндер атындагы музыкалык педагогика институту (М. Ф. Гнесинден композиция, A. В.Гауктан дирижёр классын) бүткөн.

1955-жылдаң СССР Чон театрында дирижёр, 1963-65-ж. башкы дирижёр. Римский-Корсаковдун «Чародейка», Щедриндин «Сүйүү гана эмес» (1961), Мураделинйн «Октябрь»(1964) операларын, Караевдин «Кааржолу» (1959), Баланчивадзенин «Өмүр барактары» (1960) балеттерин ж. о. койгон.

1965-жылдан СССР мамлекеттик симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру.

Светланов - орус советтик музыкасынын көрүнүктүү интерпретатору. Ал симфония (1957), кантата, симфониялык поэмаларды, вокалдык жана аспаптык чыгармаларды жазган.

Лениндик сыйл. (1972) лауреаты, «Гран при» (Франция) сыйлыгын алган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар, ошондой эле Болгариянын 1даражадыг Кирилл жана Мефодий ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.