Евгения примуласы (лат. Primula eugeniae), (Fed) - Үстү жагында көптөгөн куурап калган жалбырак калдыктары менен курчалган, чым түптүү, тамыр сабактуу жана көп башчалуу көп жылдык өсүмдүк. Жалбырактары бөйрөк сымал, тишчелүү, үстү жагы жылаңач, асты жагы тарамыштарында – жумшак түктүү, ичке канаттай узун жалбырак саптуу. Топ гүлү чатырча сымал. Чөйчөкчөсү коңгуроодой, жылаңач. Таажычасы ачык-сары, ийилиши менен диам. 20 см. Гүлдөрүнүн узундугу 15-20 см. Таажычасы чөйчөкчөсүнөн 3 эсе узун. Мөмөлүгү тегерек: мамычасы жип сымал, чаң алгычы башчалуу, жылаңач. Уругу күрөң.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Август айында мөмөлөйт. Уругу аркылуу көбөйөт. Кайрадан калыбына келүүсү жаратылышта изилденбеген.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Фергана тоо кыркасынын батыш бөлүгү (Бабашата тоосу).

Өсүү шарттары түзөтүү

Алңпы алкагында жарлардын жаракалары.

Саны түзөтүү

Жаратылышта өтө аз кездешет.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Адамдын чарбачылыктагы интенсивдүү ишкердүүлүгү.

Өстүрүү түзөтүү

Сейрек учуроочу, өтө декоративдүү өсүмдүк. Маданиятташтырууга татыктуу түр.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

СССРдин Кызыл китебине (1984) жана Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түр жыш өскөн жерлерде ботаникалык заказниктерди уюштуруу. Жогору декоративдүү түр жана чукул эндем катарында ботаникалык бактарга интродукциялоого татыктуу.

Статусу түзөтүү

V U . Жогору декоративдүү, сейрек кездешкен чукул эндем түр. Аз санда, чектелген аянттарда Фергана тоо кыркасында кездешет, тез эле жок болуп кетиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү