Евровалюта (англ. еurocurrency) – европа өлкөлөрүнүн биринде жайгашкан‚ бирок ал өлкөнүн улуттук валютасы болуп эсептелбеген валюта. Мисалы‚ Швейцария банкында депонирленген доллар евродоллар; Германияда депонирленген иен евроиен деп аталат жана башка евровалюта кредиттерди жана карыздарды берүүдө пайдаланылат; евровалюта рыногуна көбүнчө эл аралык сооданы финансылоо жана чет өлкөлүк инвестициялар үчүн өтүмдүү каражаттардын арзан жана ыңгайлуу түрүн алууга мүмкүнчүлүк берет. Негизги карыздакорлор жана кредиторлор коммерциялык банктар‚ ири компаниялар жана борбордук банктар болуп саналат. Депозиттер жана ссудалар көбүнчө кыска мөөнөттүү болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1