Европий (лат. Europium), Euэлементтердин мезгилдик системасынын III тобунан орун алган химиялык элемент. Катар номери 63, ат. м. 151,96. Массалык сандары 138Eu – 160Eu болгон 23 изотобу белгилүү. Жер кыртышында массасы боюнча 1,2;10–4%. Лантаноиддерге кирет. 1886-ж. француз химик Е. Демарсе Европийди минералынын курамынан оксид түрүндө тапкан. 1937-ж. гана таза металл түрүндө алынган. Күмүш түстүү ак металл; эрүү е – 826°С; кайноо е – 1439°С; бирикмелерин­де +2 жана +3 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Абада тез окистенет, бөлмө температурасында HCl, HNO3, H2SO4, галогендер жана суу менен кошулат. Атомдук реактордон алынган радиоактивдүү Европийдин үч оксидин лантан менен калыбына кел­тирип, андан кийин вакуумда дистилляция жолу менен алынат. Рак оорусунун кээ бир түрүн дарылоо үчүн медицинада, нейтрондорду жутуучу катары ядролук реакторлордо, активатор катары телеэкранда кызыл түстү алууда колдонулат.

Европий.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1