Егембердиев Жумакадыр (3. 5. 1929-ж. т., Нарын облусу, Кочкор району, Дөң-Алыш айылы) – журналист, кыргыз телерадио берүүлөрүнүн баштоочторунун бири, радио драматург, жазуучу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1974), СССР телерадиосунун отличниги (1981). Фрунзедеги педагогика институтту бүтүргөн (1952). Эмгек жолун СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Тил жана адабият институтунда иштөөдөн баштаган (1952–54). Егембердиев элдик оозеки чыгармачылыктын бай үлгүлөрүн жыйнаган. 1954–96-ж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинде редактор, башкы редактор болгон. «Кутмандуу болсун күнүңөр», «Ыр канатында», «Бетке айткандын заары жок», «Шибеге», «Биздин радиокитепкана», «Театр микрофондо» циклдик берүүлөрдү негиздеген (1955–56). Муса, Атай, Карамолдо, Абдылас жана башкалардын концерттик программаларын, С. Каралаевдин варианты боюнча «Манас» эпосунан 20 сааттык үзүндүнү, А. Токомбаев, Т. Сы­дыкбеков жана башка жазуучулардын эскерүү маектерин, ошондой эле 40ка жакын радио коюуларды жаздырып, алтын казынага калтырды. Егембердиев– кыргыз радио драматургия жанрын негиздөөчүлөрдүн бири. Кыргыз радиосунун тарыхы жөнүндөгү «Ободогу жаңырык» аттуу китеби жарык көргөн (1991). «Эмгек учкуну» (1977), «Мезгил чыйыры» (1979) очерк-публисцистикалык жыйнактардын, «Тагдыр кайрыктары» (2001), даректүү «Акактыктын шейити» (2008) повесттеринин, «Канат кан» тарыхый романынын (2006) автору. И. Стаднюк («Согуш» романын, 4 том), Степан Сарыг Оол («Сары уул баяны», 2 китеп), К. Симонян, Н. Макрушенко, А. Алексиндин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Даңк медалы менен сыйланган (2001).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1