Египет таануу
Египет таануу (египтология) – Байыркы Египеттин археологиялык эстеликтерин, архитектурасын, маданиятын, жазуусун жана тилин изилдөөчү комплекстүү илим; чыгыш таануунун бир тармагы. Египет таанууга француз илимпоз Ф. Шампольон негиз салган. Ал египет иероглиф жазууларын чечмелөө боюнча изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу Париж академиясында билдирүү жасаган 1822-ж. 27-сентябрь Египет таануу илими жаралган күн деп эсептелет. Ф. Шампольон Розетта ташы жана башка эстеликтердеги жазууларды иликтеп, египет жазуусун окуунун ачкычын тапкан, кийин египет тилинин 1-сөздүгүн жана грамматикасын түзгөн. 1828–30-ж. Шампольон Египет экспедициясына башчылык кылган, көптөгөн эстеликтерди жыйнап, аларды илимий жактан сыпаттап жазган. Шампольондун ишин улантышкан И. Розеллини (Италия), К. Р. Лепсиус, Г. Бругш, Г. Эберс (Германия), Э. Де Руже, Ф. Шабанын (Франция) Байыркы Египеттин тили, жазуусу жана тарыхы боюнча изилдөөлөрү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. 1851-жылдан Египетте археологиялык эстеликтерди изилдөө иштери системалуу жүргүзүлүп келет. 19-кылымдын 90-жылдарында А. Эрман Египет таануунун берлин мектебин негиздеген. 19-кылымда Россияда Египет таануу боюнча алгачкы изилдөөлөр пайда болгон. Декабрист Г. С. Батеньков 1824-ж. Шампольондун «Иероглиф системасынын очерки» эмгегин кыскача баяндап чыккан. 1827-ж. 10-январда Шампольон Императордук ИАнын ардактуу мүчөсү болуп шайланган. 1826-ж. Императордук ИА Миландан байыркы Египетке тиешелүү көп коллекция алган, ал 1862-ж. Эрмитажга өткөрүлүп берилген. 19-кылымдын акырында орус египет таануучусу В. С. Голенищев Египетке бир нече жолу экспедицияга барып, байыркы эстеликтерди жыйнаган, жазууларды көчүрүп алган. Ошонун натыйжасында Москвадагы А. С. Пушкин атн. сүрөт музейи жаңы коллекциялар менен толукталган. 1887-ж. орус египет таануучусу О. Э. Лемм Петербург унивеситетинде Египет таануу илими боюнча курс ачкан. Ал курсту 1896-жылдан Байыркы Египеттин тарыхы жана адабияты боюнча эмгектердин автору башкача айтканда Тураев алып барган. 20-кылымдын 20-ж-нда Г. Грапов, Г. Кеес, Э. Отто, В. Хельк (Германия), А. Гардинер, Б. Ганн, Э. Пит (Улуу Британия), П. Лако, Г. Лефевр, Э. Дриотон (Франция), Г. Юнкер (Австрия), С. Донадони (Италия), Д. Уилсон, Р. Паркер, Р. Каминос (АКШ), Ж. Вергот, Ж. Капар (Бельгия) жана башка окумуштуулар тарабынан Египет таануу илими улантылган. Асуан плотинасын куруу учурунда анын аймагында жайгашкан тарыхый эстеликтерди сактап калуу максатында ЮНЕСКОго караштуу атайын эл аралык комитет түзүлүп, Египетке жана Суданга бир катар өлкөлөрдөн археологиялык экспедициялар уюштурулган. Советтик египет таануучулар Батыш Европанын жакшы салттарын өрчүткөн. Байыркы Египеттин социалдык-экономикалык мамилелерин советтик окумуштуулар, асыресе В. В. Струве кең-кесири изилдеген. Дүйнөдөгү Египет таануунун ири борборлору болуп – Берлин, Бонн, Париж, Лондон, Москва, Санкт-Петербург, Оксфорд, Чикаго, Бостон, Милан, Женева, Вена, Прага, Каир шаарлары саналат. Каирдеги Египет музейи – дүйнөдөгү байыркы египеттин эстеликтери сакталган эң ири музей. Египетте өкмөттүн уруксаты менен бир катар өлкөлөрдүн (АКШ, Улуу Британия, Бельгия, Италия, Германия, Нидерланд, Польша, Франция) туруктуу ИИИлери, мекемелери иш жүргүзүп келет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1