Елизавета Печерских

Кыргызстандык спортчу

Елизавета Печерских (Рогожникова)Кыргызстандык спортчу, сууда сүзүү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери.

Елизавета Печерских
Жынысы

Аял

Төрөлгөндөгү ысымы

Елизавета Рогожникова

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

сууда сүзүү

Төрөлгөн датасы

25 -август 2004(2004-08-25) (20 жаш)

Төрөлгөн жери

Бишкек, Кыргызстан

Машыктыруучу

Юрий Захаров

Өмүр баяны

түзөтүү

Елизавета Печерских 2004-жылы 25-августа Бишкек шаарында төрөлгөн. Анын биринчи машыктыруучусу атасы, мурда сууда сүзүүчү болгон. Андан кийин Роза Биккинина менен машыгууларды өткөрөт, 2014-жылдан бери Юрий Захаровдон тарбияланат. Орусия, Беларусь, Словения жана башка өлкөлөрдө жеңишке жеткен[1].

Карьерасы

түзөтүү
  • 2017 — Орусияда өткөн сууда сүзүү боюнча турнирде алтын медаль;
  • 2018 — Сууда сүзүү боюнча Индонезияда өткөн Азия оюндарына катышкан[2];
  • 2018 — Люксембургда өткөн сууда сүзүү боюнча турнирде күмүш медаль;
  • 2019 — Түштүк Кореяда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатына катышкан[3] ;
  • 2019 — Бангалордо өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль;
  • 2020 — Казакстанда өткөн турнирде жети алтын медаль (50 м, 100 м, 200 м);
  • 2021 — Өзбекистанда өткөн ачык кубогу лицензиялык турниринде бир алтын, эки күмүш медаль (50 м, 100 м, 200 м);
  • 2024 — Катарда сууду сүзүү боюнча өткөн Дүйнөлүк чемпионатка катышкан[4].
  • 2024 — Франциянын Париж шаарында өткөн 2024 жайкы Олимпиада оюндарына катышып 50 м аралыкта 79 спортчунун ичинен 30 орунду ээлеген[5].

Булактар

түзөтүү
  1. Иван МАРЧЕНКО. Более 100 медалей к 15 годам. История уникальной пловчихи из Кыргызстана (орусча). 24.kg (26 -октябрь (тогуздун айы) 2019). Текшерилген күнү 4 -август (баш оона) 2024.
  2. Swimming Results Book. Текшерилген күнү 30 -июль (теке) 2020. Түп булактан архивделген күнү 28 -июль (теке) 2020.
  3. Entry list. Текшерилген күнү 26 -июль (теке) 2020.
  4. Кыргызстанка Елизавета Печерских заняла I место в заплыве на 50 метров на ЧМ (орусча). Кабар (18 -февраль (бирдин айы) 2024). Текшерилген күнү 4 -август (баш оона) 2024.
  5. Париж-2024: суучул Елизавета Печерских 30-орунду ээледи (кырг.). Азаттык Үналгысы (3 -август (баш оона) 2024). Текшерилген күнү 4 -август (баш оона) 2024.