Ермолова Мария Николаевна

Ермолова Мария Николаевна (3 (15). 7. 1853, Москва – 12. 3. 1928, Москва) – орус актёру, РСФСР эл артисти. (1920), Эмгек Баатыры (1924). Театр окуу жайын бүтүрүп (1871), Кичи театрда 1921-ж. чейин иштеген. Ермолованын белгилүү ролдору: Иоанна д’Арк жана Мария Стюарт (Шиллер, «Орлеан кызы», 1884; «Мария Стюарт», 1886), Лауренсия (Лопе де Вега, «Койлуу булак», 1876), А. Н. Островскийдин чыгармаларынан: Катерина («Добул», 1873), Лариса («Сепсиз кыз», 1880), Евламея («Туткундар», 1880), Негина («Таланттар жана таазим кылуучулар», 1881) жана башка Ермолованын каармандарына туруктуулук, мээримдүүлүк, лиризм мүнөздүү. М. С. Щепкиндин, П. С. Мочаловдун идеяларын, салттарын уланткан. А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Н. А. Некрасов, Н. П. Огарёвдун лирикаларын көркөм окуган. 1970-ж. Ермолованын Москвада үй-музейи (А. А. Бахрушин атнындагы Борбордук театр музейинин филиалы) ачылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1