Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, талаада аткарылат.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Жаалар жана анын октору.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар өздөрүнө жаа жана анын окторун даярдашып, бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат,

Оюндун баяны түзөтүү

Кезектери келгенде, бирден жааны алып алыстыкка атышат. Жааны алыстыкка аткан оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Жааны бийиктикке атуу, бийиктикке ыргытылган буюмду, жаа менен атыш алуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, жаа атылган тарапта жүрүүгө, турууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчээк тикке тарбияланат, жаа атуунун ыкмаларын, эмгектенүүгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү