Жагдан - кийим, буюм, кездеме, кооздуктар салынчу үкөктүн бир түрү. Жагдан ар кандай көлөмдө, бышык жыгачтан жасалып, сыртынан булгаары м-н капталган. Анын негизи, капкагы ашык-машыктар (топсо) менен бириктирилип, ачылчу жагынын негизине, капкагына кулпулук бекитилген. Жагдандын бурчтары, четтери калай, жез, алтын, күмүш, асыл таштар менен асемделген.

Жагдан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5