Жаздык өсүмдүктөр – себилген жылы гүлдөп, түшүм берүүчү бир жылдык айыл чарба өсүмдүктөрү. Күздүк өсүмдүктөрдөн айырмаланып, анын бир эле вегетация мезгили (жаз-жай) болот. Жаздык өсүмдүктөргө дан эгиндери (арпа, буудай, сулу, жүгөрү, шалы жана башка), чанактуу, май алынуучу (күн карама, соя жана башка), тоюттук бир жылдык чанактуу өсүмдүктөр, табигый дан өсүмдүктөрү, булалуу өсүмдүктөр (гозо, зыгыр жана башка) жана башка кирет. Айрым өсүмдүктөр жаздык жана күздүк өсүмдүктөргө шарттуу түрдө бөлүнөт, себеби алардын ортосунда эки жолу эгилме деп аталган өтмө түрлөрү бар. Алар эрте жазда эгилип, түшүм берет. Жазда эгилип, ошол эле жылы түшүм берүүчү бир жылдык (мисалы, азык тамырлуу өсүмдүктөр: сабиз, пияз, кызылча, шалгам жана башка), көп жылдык (бир жылдык өсүмдүк катары эгилүүчү, мисалы, кене дан, томат, тамеки жана башка) өсүмдүктөр да жазгы өсүмдүктөргө кирет.

арпа.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1