Жазуу кеби - жазма адабияттардын: иш кагаздарынын, көркөм чыгармалардын, коомдук-саясий адабияттардын, илимий-техникалык чыгармалардын, окуу куралдарынын, басма сөздүн (газета, журнал, бюллетень, колдонмо ж. б.) тили.


Жазуу кеби адамдын ой-пикирин сөз аркылуу кагаз бетине түшүрүү жолу менен ишке ашырылат. Ал сүрөт жазуусу, муун жазуусу, тыбыш жазуусу аркылуу турмушка ашып келген. Азыркы күндө тыбышка негизделген тамга жазуусу колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4