Жазчылар (Plecoptera) - курт-кумурскалардын түркүмү.

Канаты тунук, жайгандагы жазылыгы 10-80 мм. Денесинин арткы жагында 2 узун куйрук жипчеси бар. Жазчылардын 700дөй түрү белгилүү.

Тоолуу райондордо көп түрү таралган. Личинкасы 2 куйрук жипчелүү, суунун түбүндө, таштардын арасында жашайт. Кычкылтекке бай, таза, муздак сууну жакшы көрөт.

Өөрчүү жолу толук эмес, өтө жай, мис., Perla abdominalis тин өөрчүшү 3 жылга созулат. Өсүп жетилген нимфаларынан эрте жазда чоңдору учуп чыккандыктан Жазчылар деп аталат. Жазчыларды жана алардын личинкаларын балыктар жейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.