Жаз мезгили – кыш менен жайдын аралыгындагы жыл мезгили. Жердин Түндүк жарым шарында жазгы күн-түн теңелүү мезгилинен (20- же 21-марттан) жайкы күн токтолууга (21–22-июнга) чейинки, Түштүк жарым шарда 23-сентябрдан 22-декабрга чейинки убакыт. Адатта Түндүк жарым шарда жаз мезгили – март, апрель, май, ал эми түштүктө – сентябрь, октябрь, ноябрь айларын камтыйт. Айрыкча жаз мезгили мелүүн алкактарда (абанын температурасынын көтөрүлүшү, кар катмарынын жана агын суулардагы муздун эриши, өсүмдүк менен жаныбар дүйнөсүнүн тиричилигиндеги өзгөрүүлөр жана башка) ачык байкалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1