Жайнизм метафизикасыдуалисттик окуу болуп эсептелет. Жайнисттер дүйнө жива (жан, жандуу) ж-а аджива (жансыз, материя) деп аталган эки субстанциядан турат дешет. Материя өзгөрүүнүн, оомалуу-төкмөлүүлүктүн, ач көздүктүн ж. б. терс көрүнүштөрдүн булагы.

Рух м-н жан канчалык материя м-н чырмалышса, ал ошончолук жалган дүйнөнүн азабы м-н түйшүктөрүнөн жапа чегет. Качан гана адам материалдуу нерселерден толугу м-н баш тартып, кечилдик өмүр сүргөндө, анын жаны материалдуу дүйнөнүн түйшүктөрүнөн арылат. Акырындык м-н Ж-дин өкүлдөрү шветамбарлар ж-а дигамбарлар деп аталган эки сектага бөлүнүп кетишкен. Алардын ортосундагы айырмачылык философиялык маселелерди чечүүгө эмес, болгону диний-тажрыйбалык көз караштардын айрым деталдарына негизделген. Дигамбарлар (сөзмө-сөз “абага оронгон”, “жылаңач”) адамдык зарылчылыктарга өтө катуу мамиле кылса, шветамбарлар (сөзмө-сөз “ак кийимчендер”) мындай зарылчылыктарга карата чыдамкайлыгы м-н айрымаланышат.

Дигамбарлар, мис., кечилдер бардык мүлктөн, ал тургай кийимден да баш тартуусу зарыл деп эсептесе, шветамбарлар ак түстө-гү кийим кийүүнүн зарылчылыгын белгилешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8