Жайнычылыктын метафизикасы

Жайнычылыктын метафизикасыдуалисттик окуу болуп эсептелет.

Жайнычылык дүйнө жива (жан, жандуу) жана аджива (жансыз, материя) деп аталган эки субстанциядан турат дешет. Материя өзгөрүүнүн, оомалуу-төкмөлүүлүктүн, ач көздүктүн ж. б. терс көрүнүштөрдүн булагы. Рух менен жан канчалык материя менен чырмалышса, ал ошончолук жалган дүйнөнүн азабы менен түйшүктөрүнөн жапа чегет. Качан гана адам материалдуу нерселерден толугу менен баш тартып, кечилдик өмүр сүргөндө, анын жаны материалдуу дүйнөнүн түйшүктөрүнөн арылат. Акырындык менен Жайнычылык өкүлдөрү шветамбарлар жана дигамбарлар деп аталган эки сектага бөлүнүп кетишкен. Алардын ортосундагы айырмачылык философиялык маселелерди чечүүгө эмес, болгону диний-тажрыйбалык көз караштардын айрым деталдарына негизделген.

Дигамбарлар (сөзмө-сөз “абага оронгон”, “жылаңач”) адамдык зарылчылыктарга өтө катуу мамиле кылса, шветамбарлар (сөзмө-сөз “ак кийимчендер”) мындай зарылчылыктарга карата чыдамкайлыгы менен айрымаланышат. Дигамбарлар, мисалы: кечилдер бардык мүлктөн, ал тургай кийимден да баш тартуусу зарыл деп эсептесе, шветамбарлар ак түстө-гү кийим кийүүнүн зарылчылыгын белгилешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8