Жайташ - аба ырайынын өзгөрүшүнө таасир кылуучу магиялык күчкө ээ таш. Коомдук өнүгүштүн алгачкы баскычтарындагы, анын өнүгүү этаптарындагы адам баласынын жаратылыштын кубулуштарынын сырын билип, аны баш ийдирүүгө жасаган аракеттеринен улам келип чыккан. Бул ишеним андан соңку шаман дининде бир кыйла өнүгүүгө ээ болгон. Жайташка магиялык күч катары ишенүү башка түрк-монгол элдеринде кенен таралган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү