Жайыт – мал жаюуга пайдаланылуучу от жер. Жайыт табигый жана эгилме (жасалма) болуп бөлүнөт. Кыргызстанда табигый жайыттар тоолуу, адырлуу, талаалуу жана жарым чөлдүү жерлерде болгондуктан, климаттык шарттары ар башка, натыйжада чөбүнүн кунардуулугу түрдүүчө болот. Жайытта негизинен көп жылдык чөптөр, чала бадал жана бадалчалар өсөт. Эгилме жайытта көп жылдык жана бир жылдык чанактуу, дан уруктуу өсүмдүктөрдүн аралашмасы эгилет. Мезгилдик пайдаланылышы боюнча жазгы-күзгү жайыттар 2,6 млн, жайкы 3,8 млн, кышкы 2,2 млн гектар аянтты ээлейт. Жайыт көк тоюттун негизги булагы. Жайытка малды чөбү жетилгенде жаят. Мал жайытта 150-170 күнгө чейин, айрым учурда жыл бою асыралат. Жайыттын кунардуулугун көтөрүү максатында атайын чаралар жүргүзүлөт, мисалы, которуштуруп пайдалануу, семирткич чачуу, сугаруу, чөп себүү, тосмолорду куруу жана башка. Эгилме жайыт кунардуу келип, экономикалык жактан көп пайда берет, мисалы, эгилме маданий жайытка өзгөчө саан уйларды эрте жаздан кеч күзгө чейин жайса болот. Эгилме жайыт жылына 500-600 цге чейин түшүм берет. Жайытты туура пайдалануу менен мал чарбасынан сапаттуу жана арзан азык-түлүк алса болот.

Жайыт (Кыргызстан).

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5