Жакшылык — Кыргыздардын салттуу турмушундагы кубанычтуу окуя. Ага бала торолуу, жентек, бешик той, уйлонуу тою, конок кутуу, конуш тою жана башкалар кирет. Жакшылыкка чакырылгандар белегеи, малы же кошумчасы менен келишкен. Бир уйдун жакшылыгы бутун уруктун жакшылыгы болуп жалпы баарысы конок чакырышып конок узатышкан.

Философияда түзөтүү

Жакшылык – моралдык аң-сезимдин өтө жалпы түшүнүктөрүнүн жана этиканын эң маанилүү категорияларынын бири. Өзүнө карама-каршы турган – жамандык менен бирге Ж. адептик жана адептик эмес нерселерди, моралдык оң жана терс мааниси бар нерселерди, адептик талаптардын мазмунуна жооп берген жана аларга карама-каршы келген нерселерди ажыратуунун жана бири-бирине каршы коюунун өтө жыйынтыкталган формасы болуп саналат.
Жакшылык түшүнүгүндө адамдар өтө жалпы таламдардын, умтулууларын, каалоолорун жана келечеккке болгон үмүттөрүн билдиришет, алар мында болууга тийиш жана колдоого татыктуу нерсе жөнүндө абстрактуу моралдык идея түрүндө чыгат. Жакшылык идеясынын жардамы менен адамдар айрым адамдардын социалдык тажрыйбасына жана аракеттерине баа беришет. Атап айтканда, эмнеге (жорукка, инсандын моралдык сапатына, адамдардын өз ара мамилелерине, коомдук жалпы эле абалына) баа берилип жатканына жараша, жакшылыктуу иш кылуунун, изгиликтин, жөндөмдүүлүктүн, адилеттүүлүктүн жана башкалардын формасына ээ болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү