Сарык уулу Жакшылык

Жакшылык Сарык уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Сарык уулу Жакшылык (1880, азыркы Ысык-Көл облусу, Түп району, Шаты айылы – 1934, ошол эле жер) — семетейчи. Өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө жазылып калган материал жок. Эл ичинде «Кара ырчы» деген ат менен таанымал болгон. 1929-ж. Х. Карасаев, Б. Жаркынбаев жана О. Мамырканов Жакшылыктын айтуусунда «Семетей» менен «Сейтекти» жазып алышкан. Ал кол жазма 12 китепче (дептер) болуп, КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Жакшылыктын «Семетейинде» жалпы сюжеттик нук сакталган, Канчоро менен Күлчоронун образдары С. Каралаев, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу сыяктуу манасчылардын варианттарынан өзгөчөлөнүп турат. Жакшылыктын «Жылдыз» аттуу поэмасы эл арасына кеңири тараган.

Булактар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1