Жал – рельефтин түрдүү жол менен (эол, аллювий, аккумуляция, мөңгүнүн аракети, суу эрозиясы, дефляция, денудация, гравитация процесстеринен) пайда болгон кууш, кыр болуп узатасынан созулуп жаткан формасы, жапыз дөңсөө. Узундугу жүздөгөн мден ондогон (жүздөгөн) кмге чейин, салыштырмалуу бийиктиги 100–160 мге чейин жетип, адатта аралча түрүндө жайгашат. Жалдар көбүнчө тасма сымал созулуп, токой менен капталган. Батыш Сибирдин токойлуу талаа жана талаа зоналарында кеңири таралган. Рельефтин мындай формалары казак тилинде «жал», азербайжан, түркмөнчө «йал», тува тилинде «чел», халка-моңголчо «дал», эвенкче «далил», орусча «гривы» деп аталат. «Жал» термини көптөгөн оронимдердин (Ак-Жал, Кызыл-Жал, Кара-Жал жана башка), ойконимдердин (Кадамжай, Сокулук райондорундагы кыштактардын) аталыштарында учурайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү