Жалал-Абад областтык китепкананын тарыхы

Жалал-Абад областтык китепкананын тарыхы

Жалала-Абад областтык китепкананын имараты.

1926-жылы июль айында Жалал-Абад областтык китепканасы түзүлгөн. Ал алгачкы коомдук китепкана деп аталып, китепканада бир гана бөлүм-тейлөө бөлүмү болгон. Алгачкы фонду болсо 892 нускадагы китептен туруп, 50-60гана окурмандар катталган. Китепканада бир гана кызматкер иштеген. Соң китепканада уюштуруу иштери жүргүзүлүп, фондго китептерди топтоо башталган. 1938-жылы китепкана Н.В. Гоголь атындагы Жалал-Абад шаардык китепкана болуп негизделген. 1939-жылы 21-ноябрда Жалал-Абад областы болуп жүргүзүлгөн. Китепкана 1939-жылдан 1959-жылга чейин областык борбордук китепкана болуп турган.

Китепканада: -балдар бөлүмү жана 3, китепкананын филиалы ачылган. Шаардагы 5профсоюздук, 2 ведомстволук, 3 коомдук жана бардык мектеп китепканаларына усулдук жардам берүү үчүн мекеме болуп саналган. Китепкананын фондунда кыргыз, өзбек, аңглис, орус, немец, француз тилдериндеги 151,9 миң нускадагы китептер болгон. 1959-жылы Жалал-Абад областы Ош областына бириктирилген. 1986-1993-жылга чейин китепкана ЦБС (шаардык борбордук китепкана системасы) деп эсептелген. Ал эми 1993-жылдан баштап шаардык борбордук китепкананын базасында Жалал-Абад областтык китепканасы негизделген. Бүгүнкү күндөЖалал-Абад областтык китепканасынын фондунда: 118350 нускадагы китеп, 14 миңден ашуун окурман 16 китепканалык кызматкерлер иштейт.

Жалал-Абад областтык китепканасы областтын аймагындагы 192 китепканага усулдук жардам көрсөтөт. Китепканалар арасында кароо-сынактарды уюштуруп турат. 2011-жылга чейин китепкана кызматкерлери Эл аралык уюмдарга долбоор жазып, 6,0 миңге жакын нускадагы адабияттарды 6 компьютер, 2 принтер, 1 көчүрмө аппараты, веб камера , видеопроектор жана башкаларды алып 2005-жылдан бери интернет байланышына колдоо алып келе жатат. Долбоорлордун колдоосу менен рай-шаардык китепкана кызматкерлери арасында семинар-тренингдерди уюштурган. Мындан сырткары 2007-жылы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Чаткал, Тогуз-Торо райондук, Майлуу-Суу шаардык китепканаларынын алдында Укуктук маалымат берүү борборлорун ачып калкка укуктук маалыматтарды жайылтууда көмөк көрсөтүп келе жатат.

Жалал-Абад областтык китепканасында бөлүмдөрү

түзөтүү

-Абонемент -окуу залы -Укуктук маалымат берүү борбору -усулдук бөлүм -комплектөө жана китептерди кайра иштетүү бөлүмү -"Интернет-китепкана" окуу борбору Балдар китепканасы

Китепкананын филиалдары

түзөтүү

№ 1-филиал -Жалал-Абад шаары, Вокзалный бурулушу № 2-филиал. Жалал-Абад шаары, СМУ шаарчасы № 3-филиал. Спутник кичи шаарчасы № 4-филиал. Тайгараев А-Ө. Кыргызстан айылы

Китепкананын өнөктөштөрү

түзөтүү

Жалал-Абад областтык китепканасы 2002-жылдын бери Эл Аралык уюмдар менен иштешип келе жатат. Натыйжада китепкананын алдында "Укуктук маалымат берүү борборун" ачып азыркы күнгө чейин иштеп келүүдө. Эл Аралык уюмдардын колдоосу менен областыбыздын аймагындагы Майлуу-Суу шаардык, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Чаткал райондук китепканаларынын алдында ушундай Укуктук маалымат берүү борборлору ачылып калкты укуктук маалыматтар менен камсыз кылып келүүдө.

USAID Америка элинен Жалал-Абад областтык китепкананын алдында ачылган Укуктук маалымат берүү борборуна 2005-2006-жылдарыUSAID проектисинин колдоосу менен юридикалык адабияттар сатылып берилген, «Адам укугу», «Жер реформасы», «Адвокаттын жардамчысы», «Нотариустун жардамчысы», «Кыргызстандын сот актылары», «Эмгек мыйзамдары» жана башка базалар топтомдору областыбызда ачылган 5 райшаардык УМБ борборундагы компьютерлерге киргизилип калкка пайдаланууга берилди. Айрекс 2010-жылдын 1-ноябрынан, 2011-жылдын1-ноябрына чейин АЙРЕКСтин «Билим берүүдөгү заманбап технология»программасынын колдоосу менен «Санарип жаштардын маеги» долбоору.

Долбоордун колдоосу менен китепканага 6 нуска заманбап компьютер, бир жылга Интернет байланышы үчүн акча каражаты, сүрөт камера, Вебкамера, 3 нуска флешкарта, семинар-тренинг үчүн материалдар, 2 нуска лекциялык плакат, сүрөт камерага эс картасы берилди. Ошондой эле долбоордун колдоосу менен китепкананын 3 кызматкери Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Тренерлер үчүн тренинг» семинар –кеңешмесине катышып келишти. Долбоордун негизги максаты областыбыздагы 14 жаштан 24 жашка чейинки жаштарды Интернет аркылуу маалымат алууга, сүйлөшүүгө, башка мамлекеттин жаштары менен пикир алышууга үйрөтүү.

Американын Кыргызстандагы элчилигинин АКШнын департаменти Жалал-Абад областтык китепканасынын 8-долбоору. 2007-жылдын апрельайынан 2008-жылдын апрель айына чейин АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин алдындагы Американын Департаменти программасынын колдоосу менен «Бүгүнкү студент – эртең өз ишинин устаты» долбоорунан 7 райшаарлардагы ачылган укуктук маалымат берүү борборлоруна юридикалык адабияттар, Маалыматтар топтому «Токтом-юрист» алынды, 2007-2008-жылдар үчүн 5 аталыштагы гезит жазылып берилди. Укук темасына арналган 9 көчмө семинар-кеңешмелер үчүн таркатылуучу чыгымдарга жана сапар чыгымдары үчүн жумшалды. Интернет байланышы түзүлүп, канцелярдык чыгымдар үчүн каражат ажыратылды. Ошондой эле борбордун кызматкерлери тарабынан жаңы ачылган борборлорго кадр даярдоо максатында 25 студент компьютерде иштөөгө акысыз үйрөтүлдү. Жалпы суммасы 3055$ АКШ долларын түзөт.

Американын Юристеринин ассоциациясы

түзөтүү

Жалал-Абад областтык китепканасынын 1-долбоору. 2002-жылдын 25-июлунан 30-авгуска чейин Американын Юристеринин Ассоциациясынын колдоосу менен «Укуктук маалымат берүү борборун ачуу» долбоору түзүлгөн. Борбордун кызматкерлери компьютерде иштөөгө окутулуп жана семинар-тренинг өткөрүлгөн. жалпы суммасы 2 миң$ АКШ долларын түзгөн.

АРД/ЧЕККИ жагынан жүзөгө ашырган коммерция укугун өнүктүрүү 2006-жылы АРД/ЧЕККИ жагынан жүзөгө ашырган коммерция укугун өнүктүрүү боюнча USAID проектисинин колдоосу менен Укуктук маалымат берүү борборун колдоо максатында 40 нуска Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин баяндамасы, 80 нуска орусча-кыргызча юридикалык терминдердин сөздүгү берилип, Жаңы ачылып жаткан Укуктук маалымат берүү борборуна таркатылды жана китеп магазиндери аркылуу сатылган китептерден түшкөн акча каражатына кайрадан юридикалык көп суралуучу адабияттар сатылып алынып жана ачылган УМБ борборлоруна берилди. Ошондой эле маалыматтар топтому «Токтом» сатылып алынды. Укуктук маалымат берүү борборлорун райондордо ачууда жана семинар өткөрүүдөтаркатылуучу каражаттар жана сапар чыгымдары үчүн жумшалды.

Евразия фонду

түзөтүү
 
Логотип фонда «Евразия».

Жалал-Абад областтык китепканасынын 3-долбоору. 2002-жылдын 8-июнунан 2003-жылдын 8-июлуна чейин «Евразия» фондунун колдоосу менен «Пайдалануучуларды укуктук адабияттар жана укуктукмаалыматтар менен камсыз кылуу». Юридикалык адабияттар, 1 компьютер, маалыматтар топтому «Едвайзер», сапарчыгымдары, борбордун кызматкерлерине айлык акы, Интернет байланышы үчүн. Жалпы суммасы: 726$ АКШ доллары. ООНдун Жогорку комиссарият башкармалыгы Жалал-Абад областтык китепканасынын алдында түзүлгөн Укуктук маалымат берүү борбору 2007-жылдан баштап УВКБООНдун качкындар менен иштөө программасы менен иш баштады. Бул долбоордун негизги максаты: Жалал-Абадобластына келген качкындардын укугун үйрөтүү. Программа тарабынан УМБ борборуна 1 компьютер, 1 принтер, ЮПС жана юридикалык адабияттар берилди жана семинар-кеңешмелер өткөрүлдү. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги 2006-жылы долбоордун колдоосу менен 141 орус адабияттары жана 91 нуска журналдар берилди. 2007-жылы областык китепкананын алдында ачылган Укуктук маалымат берүү борборунда «Россиянын адабияты жана маданияты бурчу уюштурулган». Азыркы учурда № 3-филиалда жайгашкан.

Сорос-Кыргызстан фонду

түзөтүү
 
«Сорос-Кыргызстан» Фонду.

2-долбоор 2002-жылдын 25-июлунан 2003-жылдын 25-июлуна чейин «Кыргызстан-Сорос» фондунун колдоосу менен «Укуктук маалымат берүү борборун ачуу» борборго 1 компьютер, 1 принтер, модем, көчүрмө аппараты, сканер. Маалыматтар топтому «Токтом» жана канцелярдык товарлар алынган. Жалпы суммасы 12919$ АКШ доллары. 4-долбоор 2003-жылдын 26-сентябрынан 2004-жылдын 26-сентябрына чейин «Кыргызстан-Сорос» фондунун «Укук»программасынын колдоосу менен «Укуктук маалымат берүү борборун жайылтуу». Юридикалык адабияттар, 1 компьютер,маалыматтар топтому «Едвайзер», «Токтом», факс, Интернет байланышы, фотоаппарат, семинарга үчүн материалдаржана рекламалык чыгымдар. Жалпы суммасы 5000$ АКШ доллары. 5-долбоор. 2003-жылдын 6-сентябрынан 2004-жылдын 6-сентябрына чейин «Кыргызстан-Сорос» фондунун «Экономикалык реформа» программасынын колдоосу менен «Региондордогу калкты экономикалык маалымат менен камсыз кылуу» Экономикалык адабияттар жана гезит журналдар сатылып алынды, 1 экономист штатына айлык акы жана канцелярдык материалдар сатылып алынган. Жалпы суммасы 5000$ АКШ доллары. 6-долбоор. 2004-жылдын 29-ноябрынан 2005-жылдын 29-ноябрына чейин «Кыргызстан-Сорос» фондунун «Укук»программасынын колдоосу менен «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун актыларынын маалыматтар базасын түзүү жанаЖалал-Абад областынын маалыматтык чөйрөсүн өнүктүрүү». «Едвайзер» компаниясы менен биргеликте «БДАМС»базасын түзүүгө, Интернет байланышына, канцтовар, реклама чыгымдарына жумшалды жана борбордункызматкерлеринин айлык акысына кошумча акы төлөнүп берилди.