Жалал-Абад облустук филармония

Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын тарыхынан урунттуу учурлар

1994-жылдын 8-июлунда Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад филармониясы Жалал-Абад облустук  Мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен уюшулган (буйрук №241 «р»). Тактап айтканда мурдагы «Юбилейный» кинотеатрынын базасында ачылып, алгач 50 штаттык бирдик бөлүнгөн.  

· 1997-жылы Өкмөттүн атайын токтомунун негизинде бул маданий ордого Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, көп кырдуу талант, төкмө акын Токтосун Тыныбековдун ысымы ыйгарылган. Ошол эле жылы акындын 70 жылдык мааракесин утурлай, филармониянын имаратынын алдына анын айкели орнотулган.

· Филармониянын алгачкы ишмердүүлүгүнүн башында Кыргыз Республикасынын эл артисттери жана эмгек сиңирген артисттери Жолболду Алибаев, Шахра Талипова, Садырбек Жумашев, Дүйшөнбек Молдобаевдер болушкан.

· Азыркы тапта филармониянын чыгармачылыгынын негизги өзөгүн төмөнкү  топтор түзөт: 1995-жылы Дүйшөнбек Молдобаев негиздеген, учурда КРнын эмгек сиңирген артисти, башкы дирижер Анарбай  Райымканов жетектеген «Мөлмөл» фольклордук-этнографиялык оркестри жана «Ыр-Өмүр» тобу, КРнын эмгек сиңирген артисти  Токтомурат Осмоналиев баш болгон «Комузчулар ансамбли», Самаган  Кочкоров баштаган «Кылым мурасы» кернейчилер тобу, Каныбек Казакбаев жетектеген «Эстрада» тобу, Бакыт Саттаров жана Муктар Гайымов негиздеген «Бойдок  чалдар» жана «Сатира-юмор» куудулдар тобу, Туратбек Өмүрканов баштаган «Аккордеончулар тобу», Гүлмира Айтбай кызы жетектеген «Баян» бийчилер тобу сыяктуу бири-бирин толуктаган жаратмандар эмгектенүүдө.

· Филармониянын жалпы эмгек жамааты шаардык, облустук, республикалык маданий массалык иш-чаралардын жогорку деңгээлде  өтүүсүнө эбегейсиз зор салымын кошуп келүүдө.

· Филармониянын директору Эмил Балтагулов

· Көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков[1]

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.

  1. https://jalal-abadobl.gov.kg/?p=2248