Жалал-Абад шаардык тарых жана край таануу музейи

Жалал-Абад тарых край таануу музейинин алгачкы жолу 1972-жылы 30-декабрда ачылган. Жалал-Абад шаардык аткаруу Кеңешинин өзүнүн 1978-жылы 28-январь №20 чечими менен жаратылыш музейи катары катталган. 1981-жылы апрель айында музей Ленин көчөсүнө өз алдынча имаратка көчүрүлүп, музей 135 м2 аянтка ээ болгон. 1978-жылы август айында музей Ош облусттук музейдин карамагына өткөрүлүп, ал облусттук музейдин бөлүмү (филиалы) болуп калган.
Жалал-Абад облусу болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу шаардык кеңештин Президиумунун 1991-жылы 9-сентябрдагы №512 токтому менен Ош облустук музейинин Жалал-Абад облустук музейи кайрадан Жалал-Абад тарых жана край тану музейи болуп түзүлгөн. Музейдин турган жери Жалал-Абад шаары Ленин көчөсү 1-уй. Музейдин түзүлгөн жылы: шаардык Кеңештин 1972-жылы 25-январдагы чечими.

Музейдин аянты: 135 м2
Сактоо фонду 6 м2
Жайгаштырылган жердин узундугу 129 м2
Жайгаштырылуучу жер 5 бөлмөдөн турат.
1. Өткөн археологиялык шаар.
2. Советтик бийликти түзүү учурундагы шаар.
3. Улуу Ата Мекендик согуш.
4. Материалды техниканы түзүү учурундагы шаар.
5. 1876-жылдагы орустардын отурукташуусу.