Жалал-абад облуcтук филармониясы

[1][2]Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясы 1994-жылдын 8-июлунда Жалал-Абад облустук Мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен уюшулган (буйрук №241 «р»). Тактап айтканда мурдагы «Юбилейный» кинотеатрынын базасында ачылып, алгач 50 штаттык бирдик бөлүнгөн.

• 1997-жылы Өкмөттүн атайын токтомунун негизинде бул маданий ордого Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, көп кырдуу талант, төкмө акын Токтосун Тыныбековдун ысымы ыйгарылган. Ошол эле жылы акындын 70 жылдык мааракесин утурлай, филармониянын имаратынын алдына анын айкели орнотулган (скульптору К. Искаков).

• Филармониянын алгачкы ишмердүүлүгүнүн башында Кыргыз Республикасынын эл артисттери жана эмгек сиңирген артисттери Жолболду Алибаев, Шахра Талипова, Садырбек Жумашев, Дүйшөнбек Молдобаевдер болушкан.

• Филармониянын алгачкы директору катары Абдраим Дубанаев 1994-жылы дайындалып, мекеменин ишмердүүлүгү башталган. Андан кийин жетекчилердин көчүн улап, Дүйшөнбек Молдобаев, Садыр Жумашев, Дилкумар Жолдошова, Базарбай Мадоморов директор болуп иштеп келген. Ал эми 2022-жылдын ноябрь айынан тартып Эмил Балтагулов директорлук кызматты аркалоодо.

• Азыркы тапта филармониянын чыгармачылыгынын негизги өзөгүн төмөнкү топтор түзөт: 1995-жылы Дүйшөнбек Молдобаев негиздеген, учурда КРнын эмгек сиңирген артисти, башкы дирижер Анарбай Райымканов жетектеген «Мөлмөл» фольклордук-этнографиялык оркестри жана «Ыр-Өмүр» тобу, ошондой эле башкы режиссер Алимбай Матов башында турган «Фольклор» тобу, КРнын эмгек сиңирген артисти Токтомурат Осмоналиев баш болгон «Комузчулар ансамбли», Самаган Кочкоров баштаган «Кылым мурасы» кернейчилер тобу, Айбек Тилекеев жетектеген «Эстрада» тобу, Бакыт Саттаров жана Муктар Гайымов негиздеген «Бойдок чалдар» жана «Сатира-юмор» куудулдар тобу, Туратбек Өмүрканов баштаган «Аккордеончулар тобу», Гүлмира Айтбай кызы жетектеген «Баян» бийчилер тобу сыяктуу бири-бирин толуктаган жаратмандар эмгектенүүдө.

• Азыркы учурда филармониянын эмгек жамаатында Кыргыз Республикасынын эл артисттери Арзыбек Бедияров, Шахра Талипова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Анарбай Райымканов, Токтомурат Осмоналиев өңдүү элге эмгеги сиңген нукура таланттар, ошондой эле артында өсүп келе жаткан, калың журтка төбөсү көрүнгөн мууну эмгектенип, шаардык, облустук, республикалык маданий массалык иш-чаралардын жогорку деңгээлде өтүүсүнө эбегейсиз зор салымын кошуп келүүдө.

Соңку жылдары маданий мекемелерге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен адегенде маяналары жогорулап, ага кошумча Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тыкыр көзөмөлүндө Театр, оюн-зоок мекемелеринин материалдык техникалык базасын чыңдоого миллиондогон акча каражаты бөлүнүп, музыкалык аспаптарды жаңылоо, сахна кийимдерин тигүү процесси кызуу жүрүүдө. Бул кадам маданият кызматкерлери үчүн зор колдоо катары бааланып, көп жылдан бери күткөн көксөөсү орундалып, чыгармачылыкка жаңы дем менен киришүүгө өбөлгө түздү.

Андан тышкары филармониянын жетекчилиги демөөрчүлөр менен кызматташууну да ар тараптуу колго алып, оңдоп-түзөө иштери, видеокөзөмөл, компютер, ноутбук, оркестр үчүн сахнага баш кийимдер, отургучтар алынды. Муну менен чектелип калбастан кийинки жылы да ушундай аракеттер улана бермекчи. Ал эми жаңы кадрларды толуктоого Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ошондой эле Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

2024-жылы филармониянын түзүлгөнүнө 30 жылдын жүзү болот.

Филармониянын директору: Эмил Балтагулов

Көркөм жетекчиси: Курманбек Ниязбеков

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

  1. https://www.azattyk.org/a/el-koeygoeyuen-satira-menen-aytysh-kerek-/32706222.html
  2. https://sputnik.kg/20221029/kyrgyzstan-komuzchu-toktosun-tynybekov-surot-1069483118.html