Жалбырактуулар (Zygophyliaceae) - эки үлүштүүлөр классындагы өсүмдүк тукуму.

Бир же көп жылдык чеп, жарым бадал же бадал, кээде дарак. Жалбырактары жөнөкөй же татаал, сабакка кезектешип же тушташ жайгашат, жан жалбыракчалуу. Гүлдөрү туура түзүлүштүү, топ гүлү жалгыздан же чачыдай. Чөйчөкчөсү жана желекчеси 4-5 мүчөлүү, кээде гүл коргону жок. Аталыгы 4-15, мөмөлүгү 3-5 уялуу. Мөмөсү - кутуча, данекче же ширелүү жемиш. Жалбырактуулардын 28 уруусу, 200гө жакын түрү белгилүү, алар жер шарынын кургак же ысык областтарында таралган.

Кыргызстанда 4 уруусунун 11 түрү кездешет. Алар көбүнчө кургак, шор талааларда, сайларда, адырларда өсөт. Айрым түрлөрүнүн (адырашман, боз кодорчок) чарбалык мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.