Жалпылагыч категория
Жалпылагыч категория - кандайдыр бир көптүктү бир тектүү предметтердин ажырагыс, бүтүн жыйындысы катары туюндурган категория.
Жалпылагыч категорияны кээде жогорку деңгээлдеги биримдик катары да карашат; логикалык көзкараштан алганда, жалпылагыч категория жеке жана жалпы түшүнүктөрдүн белгилерине ээ. Тилде жалпылагыч категория, бир жагынан, грамматикалык сан категориясы менен, экинчи жагынан, массанын, дискреттик эмес субстанциянын (май, жүн, суу) лексикалык категориясы менен байланышта. Дискреттик эмес субстанция категориясынан айырмаланып, жалпылагыч категория сигнификативдик аспектиде - биримдик, ал эми денотативдик аспектиде көптүк болуп саналат; жалпылагыч аталыштын артында саналуучу дискреттик предметтердин кандайдыр бир катары (тобу) турат. Сан категориясынан айырмаланып, Жалпылагыч категория предметтер жыйындысынын сандык эмес, сапаттык жагына (бир тектүүлүк) басым жасайт; "бир-кеп" семантикалык оппозициясы эмес, "бир предмет - бир тектүү предметтердин тобу" оппозициясына негизделет. Ошондуктан Жалпылагыч категория денотаттардын сапаттык классификациясы менен тыгыз байланышта болушу урал, түрк, монгол тилдеринде жалпылагыч формалардын орун алышын шарттаган.
Жалпылагыч категориянын классификациялоочу мүнөзү лексикалык туюндуруудан да байкалат: жылкы (үйүр), кой (короо) ж.б.
Формалдык жактан алганда, Жалпылагыч категориясан категориясынан сөз жасоо сөз өзгөртүүдөн айырмаланган сыяктуу айырмачылыктарга ээ. Тарыхый жактан алганда, көптүк сан Жалпылагыч категориядан келип чыккан. Көп тилдерде жалпылагыч категория семантикалык жана формалдык жактан абстракттуу ат менен байланышкан. Түрдүү тилдерде Жалпылагыч категория түрдүү жол менен туюндурулат; көп учурда жекеден жалпылагыч ат келип чыкса, кээде деривация тескери багытта жүрөт, б.а., жалпылагыч аттан жеке аталыштар пайда болот. М:
интеллигент-интеллигенция; жууркан-жүк, шырдак-кийиз ж.б.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4