Жамак - даяр ыр өлчөмдөрүнүн (көбүнчө жети-сегиз, он-он бир муундуу) үлгүсүндө чыгарылчу байыртан келаткан шыдыр айтуу, сөздү же ырды уйкаштырып, биринин артынан бирин куюлуштуруп, төгүп айтуучу акындык чыгармачылыктын бир түрү. Жамактын терминологиялык так мааниси жок, анткени ал ырдын синоними катары («жамгырдай төгүп ырымды, жамактап айтып берейин» Токтогул), ыр жолдорун ыргак, уйкаш жана башка жактарынан белгилүү бир поэтикалык формага келтирүүчү көркөм каражат катары да («кызып ырдап олтурсаң, кыш койгондой жамайсың» Калык) колдонула берет. Элдик оозеки чыгармачылыктагы кара ыр, чубуртма ыр, төкмө ыр деген формалардай эле жамактын пайда болушунан аздыр-көптүр кабар берчү өзүнө таандык өзгөчөлүгү бар. Ал көркөм термин катары «жамак» деген сөздүн адепки тике маанисин (бир нерсени жамоо, куроо, кыйыштыруу жана башка) метафора жолу менен поэтика речинин бир формасын туюнтуучу (прозадан айырмалап туруучу) түшүнүк катары колдонуудан келип чыккан деп болжолдонот. Жамак көп кырдуу шыдыр айтуу түрү болгондуктан, аны өздөштүрүү даражасына карата ырчылар чоң ырчы, төкмө ырчы же чоң жамакчы, майда жамакчы деп бөлүнөт. Жамак негизинен оозеки эл чыгармачылыгында учурайт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1